ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Алматы шаарында өткөн балдар чыгармачылыгынын VI Эл аралык “Гумырдария” конкурсунда Кыргызстандыктар байгелүү орунга ээ болушту

2014-жылдын 27-30-майында Алматы шаарында балдар чыгармачылыгынын VI Эл аралык “Гумырдария” конкурсу болуп өттү.

Конкурска Казак Республикасынын баардык облустарынан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн жаш таланттар катышты. Алар төрт аталышта: хореография, эстрадалык жана элдик вокал, элдик аспаптарда ойноо боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Аталган конкурска:

“Элдик аспаптар” аталышы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын №6-балдар искусство мектебинин фальклордук бөлүмүнүн окуучулары Калмаматова Айдай (мугалими Мамбеталиева А.) жана Райымбек кызы Ырыскүл (мугалими Асанбаева К.) катышты жана өз топторунда биринчи орунга татыктуу болушту. Белгилей кетсек, алар май айында өткөн комузчулардын республикалык конкурсунда Гран-При байгесин жеңип алышкан.
“Хореография” аталышы боюнча жогоруда аталган мектептин “Жаш канат” ансамбли эки топ менен катышып, эки категорияда тең биринчи орунду камсыз кылды. Ансамблдин 6 жаштан 9 жашка чейинки кенже тобу конкурстун Гран-При байгесин жеңип алышты. Ал эми 9 жаштан 12 жашка чейинки тобу биринчи орунга жетишти.