ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардагы бак-дарактардын абалын текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Бишкек шаарынын мэринин райондук администрациялардын башчылары, шаардык кызматтардын жана түзүмдөрдүн жетекчилери менен 2014-жылдын 2-июнунда өткөн кеңешмесинин протоколук тапшырмасын аткаруу максатында, шаардагы бак-дарактардын санитардык абалын изилдеп, текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топко Бишкек шаарындагы бак-дарактардын санитардык абалын изилдеп, жараксыз деп табылган дарактарды кыйуу боюнча  иш-чараларын  уюштуруу 2014-жылдын 9-июнуна чейин  аткаруу милдеттендирилди.

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жоопкерчилиги вице-мэр О.Попиковго жүктөлдү.

Буйрукка Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов кол койду.