ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын “Ак-Бата” жаңы конушундагы мыйзамсыз курулуштар бузулду

“Ак-Бата” жаңы конушунда социалдык маданий объекттерди курууга ылайыкташтырылган жер тилкесинде жек турак жай куруу үчүн мыйзамсыз куюлган пайдубал аныкталды.

Р.Аралбаев аттуу жаран уруксат берүүчү тиешелүү документтери жок курулуш иштерин жүргүзгөн, учурда курулуш иштерин жүргүзүү токтотулду.

“Ак-Бата” конушун куруунун генералдык планы боюнча №184в жер тилкеси социалдык маданий  объекттерди курууга ылайыкташтырылган.

28-майда Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде турак жай үчүн куюлган пайдубал бузулду.