ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө шаар боюнча 13 протокол түзүлдү

Шаар боюнча жүргүзүлгөн кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө төмөнкү санитардык талаптарды жана шаарды көрктөндүрүүнүн эрежелерин бузуулар катталды:

Байтик Баатыр көчөсүнүн №65-үйүнүн 1,5,6-батирлеринде жеке адам тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлүп, курулуш таштандыларын баш аламандыкта жыйноого жол берилген.

8-кичи район, Ж.Пудовкин көчөсүндө жайгашкан “Каблучок” дүкөнү тарабынан таштандылар тротуарларга, газондорго ташталат.

Кулатов көчөсү, №1, 1а, 3, 5 дарегинде жайгашкан чарба субьекттери таштандыларды баш аламандыкта жыйноо менен айланасында антисанитардык абалды түзүүгө жол беришкен.

Рейддин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 488, 489-беренелери боюнча 13 протокол түзүлүп, чара көрүү максатында Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.