ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада “Балдарга кубаныч тартуулайбыз” акциясы өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясы, Балдарды коргоо күнүнө карата, 29-майда саат 9.00до шаардын адистештирилген балдар бакчаларында “Балдарга кубаныч тартуулайбыз” деген аталышта кайрымдуулук акциясын өткөрөт. Кайрымдуулук акциясы ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн уюштурулат.

Бөбөктөргө оюнчуктар, спорт инвентарлары, окуу куралдары жана таттуу белектер тартууланат. Кайрымдуулук акциясы Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин каражаттарына, “Биовит” ЖЧК жана “Жеңил өнөр жай” Ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.