ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын “Ата-Түрк” сейил багында мыйзамсыз курулган турак үйдү бузуу жана жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү иштери улантылат

Шаардын “Ата-Түрк” сейил багында мыйзамсыз курулган турак үйдү бузуу жана жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү боюнча сот процессинин жүрүшү жөнүндө  Бишкек шаарынын мэриясы мурда маалымдаган.

Шаардык муниципалитет А.Ж. Жабыевага жана С. Бакасовага “Ата-Түрк” сейил багына караштуу Малдыбаев көчөсүнөн №20-жер тилкесинин берилиши боюнча Октябрь райондук сотунун токтомун жокко чыгаруу жөнүндө райондор аралык сотко доо арыз менен кайрылган.

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 17.09.2013-жылдагы чечими менен доо арыз толук канаттандырылган. Бишкек шаардык сотунун 18.02.2014-ж. токтому менен райондор аралык соттун чечими өз күчүндө калтырылып, С.Бакасованын кассациялык арызы канаттандыруусуз калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берген.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан “Ата-Түрк” сейил багындагы жер тилкеси мыйзамсыз сатылган жана курулган турак үйдү бузуу жөнүндө Октябрь райондук сотуна арыз берилди.