ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын медициналык мекемелеринде 27-майдан 1-июнга чейин балдардын ден-соолугун текшерүү иш-чаралары өткөрүлөт

2014-жылдын 27-майынан 1-июнуна чейин шаардын баардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, №3- балдардын шаардык медициналык тез жардам ооруканасында, кургак учукка каршы күрөшүү борборунда, темир жолчулардын ооруканасында балдар үчүн кеңеш берүү жана дарт аныктоо иш-чаралары өткөрүлөт.

Ошону менен катар шаардын ири соода түйүндөрүндө иштеген балдар жана өспүрүмдөр, райондук администрация, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда медициналык кароодон өтүшөт.

Иш-чаранын максаты турмуштук оор кырдаалда жашаган балдардын ден-соолугун чыңдоо болуп саналат.