ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында рейддер өткөрүлүүдө

Коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясы, жума сайын текшерүүлөрдү өткөрүүдө.

2014-жылдын 19-майынан 24-майына чейинки мезгилде техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 129 кичи автобус иштен четтетилген. Алардын ичинен 14 кичи автобус көрсөтүлгөн кемчиликтерди жойгондон кийин кайрадан иштей баштады.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана шаар конокторунан коомдук транспорттун техникалык, санитардык кемчиликтери, айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө мамилеси, жол коопсуздугунун эрежелерин бузуулары боюнча “185” ыкчам чараларды көрүү кызматына билдирип туруусун өтүнөт.