ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Балдардын жайкы эс алуу жана ден-соолугун чыңдоо мезгилине даярдыктардын жүрүшү

Балдардын жайкы эс алуусу боюнча иш-чаралар 2014-жылдын 5-июнунан 2-июлуна чейин өткөрүлөт. Шаардын 39 орто мектебинде эс алуу лагерлери уюштурулду.

Жайкы эс алуу лагерлери бекитилген режимге ылайык саат 8.00дон 14.00го чейин иштешет. Балдарга эки маал тамак берилет (эртең менен жана түштө). Бир балага 44 сом өлчөмүндө каражат жумшалат. Шаар боюнча эс алуу лагерлеринде 2530 бала эс алышат.

Иш-чаралардын планына ылайык, балдардын чыгармачылык борборунун 6700 баланы камтыган 179 ийрими эс алуучулар менен иш алып барат.

Тендерлер өткөрүлгөндөн кийин, балдар шаар четиндеги лагерде жана Ысык-Көл жээгинде эс ала алышат.