ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Балдарды коргоо күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын өткөрүүчү иш-чаралары

Балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында, 29-майда саат 11.00до Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 650 бала үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

30-майда саат 10.00до, балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда, балдарга  концерттик программа тартууланат, бал муздак жана башка таттуу белектер тапшырылат.

Ошол эле күнү саат 10.00до шаардын “Кара жыгач” багында,колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 400 бала үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Ал эми “Фламинго” сейил багында апрель окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль кыргсыгын жоюуга катышкандардын жана жетим балдар үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

31-майда саат 10.00до “Ата-Түрк” сейил багында балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы, спорт оюндары уюштурулуп, бөбөктөргө бал муздак жана башка белектер берилет.

1-июнда саат 10.00дл борбордук “Панфилов” атындагы сейил багында НТС телеканалы тарабынан уюштурулган “Кадимки керемет” деген аталыштагы кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлөт.

Ошол эле күнү “Дуб” сейил багында саат 10.00дон 13.00го чейин “Таланттар шаарчасы” Фестивалы уюштурулат.

Ал эми саат 11.00до Кыргыз мамлекеттик циркинде колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, окуунун алдыңкылары, олимпиаданын жеңүүчүлөрү үчүн шаардык салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.