ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүлүүдө

2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстан жана Бишкек Орус чиркөөсүнүн Епархиясы, “Жашоо фонтаны” Коомдук кайрымдуулук фонду, “Кыргызстандын жаш юристтери”, “Эл агартуу”, “Ыйык Рух”, “Укуктук жардам”  Коомдук уюмдары менен биргеликте “Коломто” муниципалдык мекемесинин базасында туруктуу жашоочу турак жайлары жок адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү акциясын өткөрөт.

Иш-чаранын алкагында турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон адамдарга медициналык кароолор, мончо, чач-тарач кызматтарынын тейлөөсү уюштурулуп, кийим-кечек, юридикалык кеңештер, ысык тамак берилет.

Тактама катары: Бишкек шаарында туруктуу жашоочу турак-жайлары жок,  турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон адамдарга социалдык колдоо көрсөтүүчү “Коломто” муниципалдык мекемеси жыл бою иш жүргүзөт. Мекеме райондук бюджеттин эсебинен каржыланат. Адамдарга социалдык жардамдар менен катары адистештирилген социалдык мекемелерге орноштуруу, документ алып берүү боюнча да жардамдар көрсөтүлөт.