ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

27-майда саат 9.00дон 18.00го чейин шаардын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат

“Түндүк-Чыгыш” суу берүү обекттинде оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 27-майда саат 9.00дон 18.00го чейин М.Фрунзе, Лермонтов, ЧЧК, Осмонкул көчөлөрүнө, анын ичинде “Шоро” компаниясына, Чыгыш автобекетине, Чүй облустук ооруканасына, “Аламүдүн” базарына, “Булгары” ЖЧК, №6-шаардык мончого, “Ак Тилек” ААК, №171, 175-бала бакчаларына, Свердлов райондук аскер комиссариатына, “Бакай Ата” жаңы конушуна таза суу берүү токтотулат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана керектүү суунун көлөмүн алдын ала камдап алууну эскертет.