ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкек жазы – 2014” студенттер чыгармачылыгынын фестивалынын финалдык бөлүгү 22-майда өткөрүлөт

22-майда саат 14.00до Баш калаанын Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында “Бишкек жазы – 2014” студенттер чыгармачылыгынын  фестивалынын финалдык бөлүгү өткөрүлөт.

“Кыргызстан жаштары” Улуттук программасын ишке ашыруу максатында жана “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” жылына арналган “Бишкек жазы – 2014” студенттер чыгармачылыгынын XII шаардык фестивалы Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, 2014-жылдын 22-апрелинен 22-майына чейин өткөрүлдү.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстан жаштарынын арасынан талантуу жана чыгармачыл жаштарды аныктап, аларга колдоо көрсөтүү, чыгармачылыгын мындан ары өстүрүүгө шарт түзүү болуп саналат.

Фестивалга окуу жайлардын 1000ден ашуун чыгармачыл студенттери катышты.

Конкурстун катышуучулары музыка, хореография, адабият, театр, фольклор, эстрада искусствосу, бий жанрлары боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү жана калыстар тобунун чечими боюнча төмөнкү орундарга ээ болушту:

ГРАН-ПРИ

25 000 сом

К.Рыскулбековатындагы экономикалык университети; 

1 орун

20 000 сом

     И.Арабаеватындагы Кыргыз мамлекеттик университети;

      Н.Исанов атындагы Кыргызмамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;

Калыстар тобунун атайын байгеси

15 000 сом

Б.Ельцинатындагы Кыргыз-Россия Славян университети;

2 орун

15 000 сом

Кыргызмамлекетик  ЮридикалыкАкадемиясы;

      3 орун

10 000 сом

К.Карасаеватындагы Бишкек гуманитардык университети;

     

             И.Ахунбаеватындагы Кыргыз мамлекеттик         медициналык академиясы.