Шаардын Свердлов районунун жаңы конуштарынын тургундары жана соода комплексинин кызматкерлери үчүн акысыз медициналык кароолор уюштурулат
- Подробности
- Опубликовано 20.05.2014 17:47
Бишкек шаарынын мэриясы жана Свердлов райондук администрациясы райондук медициналык мекемелер менен биргеликте райондун жаңы конуштарынын тургундары жана соода комплексинин кызматкерлери үчүн акысыз медициналык кароолорду уюштурууда.
Медициналык кароолор 2014-жылдын 21-майында саат 10.30да “Ак-Бата” жаңы конушунда өткөрүлөт. Медициналык кароолорду төмөнкү адистер өткөрүшөт:
терапевт, педиатр, кардиолог, акушер- гинеколог, мамолог, невропатолог, хирург, лор, уролог, эндокринолог, стоматолог, УЗИ, лаборант жана көчмө флюроаппарат.
Медициналык иш-чаралар жаңы конуштардын тургундарынын, соодо кызматкерлеринин арасында социалдык маанидеги ооруларды аныктоо жана алардын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 500дөн ашуун адамды медициналык кароодон өткөрүү белгиленүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы Свердлов районунун жаңы конуштарынын тургундарын жана соода комплекстеринин кызматкерлерин медициналык кароодон өтүүгө чакырат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
25.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |