ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Баш-Карасуу” суу берүү объектинин курулушу

17-майда Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов “Баш-Карасуу” суу берүү объектинин курулушунда болду.

Суу берүү объектинин курулушу Бишкек жана Ош шаарларынын инфраструктурасын жакшыртуу долбоорунун алкагында, Бүткүл дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда. Баш-Карасуу жана Жал айылдарына жакын, Орто-Алыш суусунун түндү-батышында курулуучу обьектин аянты 5,2 га түзүп, таза суу менен 100 миңден ашуун адамды камсыз кылмакчы. Мындан тышкары, курулуш аяктагандан кийин Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Селекция айылдарынын суу түтүктөрүнө кошулушу белгиленүүдө.

Шаар үчүн чоң мааниге ээ болгон   объекттин курулушун ишке ашыруу Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бүткүл дүйнөлүк банктын тыгыз кызматташтыгынын натыйжасында жетишилди.

Курулушту каржылоо Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан 80%га, КР Өкмөтү тарабынан 10%га, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 10%га жүргүзүлөт. Курулуш иштеринин жалпы суммасы 309,5 млн. сомду түзсө, анын ичинен 30,9 млн. сом мэриянын үлүшүнө туура келет. 2014-жылдын 1-майына карата Бишкек шаарынын мэриясы 15,4 млн. сом бөлүштүрдү.

Курулуш иштерин 2015-жылдын июль айында аяктоо белгиленген.

Жолугушуунун жүрүшүндө, шаар жетекчиси бекитилген график боюнча иш-чараларды аяктоону белгиледи.