ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин студенттери сабакка кечигишпейт

2014-жылдын 14-майында Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинин мугалимдер жана студенттер жамааты Бишкек шаарынын мэрине жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Аталган окуу жайы шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыгына карабастан, бир топ убакыттан бери коомдук транспорт жүрбөйт. Бул жөнүндө аталган окуу жайдын директору М.Дүйшөбаева билдирди.

Аталган райондо коомдук транспорттун иштеши боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин, №35-автобус маршрутун Москва, Панфилов көчөлөрү аркылуу жүргүзүп, андан соң бекитилген маршрут боюнча жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Аталган маршрутка өзгөртүүлөр 2014-жылдын 19-майынан тартып киргизилди.