ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи Урбанистикалык форумга катышуучуларды каттоо

«Bishkek Upgrade» Урбанистикалык форуму өз ишин баштады.

Бүгүндөн баштап шаардын активдүү тургундары  жана катышууну каалагандар «Bishkek Upgrade» Урбанистикалык форумуна каттала алышат. Каттоо 2014-жылдын 5-июнуна чейин forum.urban.kg сайтында жүргүзүлөт.

Аталган форумдун темалары өзүнө шаарды сапаттуу жаңыртуу жана аны өнүктүрүү жолдорун издөө боюнча идеяларды, сунуштарды камтыйт.

Форумдун алкагындагы кеңешмелерге Россиянын, Германиянын, Грузиянын, Чехиянын эксперттери катышып, шаарды өнүктүрүүнүн стратегиясы талкууланат. Форумдун иши “Борбор жана шаардын чети”, “Транспорттук инфрастуктура”, “Шаардагы коомдук мейкиндиктер жана жаратылыш формалары”, “Шаардын тышкы көрүнүшү” жана башка секцияларга бөлүнгөн жана ар бир багыт боюнча сунуштар, жаңы идеялар да талкууланат.

Форум 2014-жылдын 6-7-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында саат 9.00дон 18.00го чейин өткөрүлөт.

Маалымат алуу телефону: 62-25-03.