ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын автоунаасынын жана Хонда-Аккорд үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусундагы авто кырсык катталды

2014-жылдын 18-майында саат 22-30 чамасында, шаардык №4-ооруканага жакын жерде, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын автоунаасынын жана Хонда-Аккорд үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусундагы авто кырсык катталды.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын айдоочусу, кургак таштандыларды чыгаруу боюнча өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үстүндө болгон. Контейнерлерден таштандыларды адистештирилген унаага жүктөө учурунда, Хонда-Аккорд үлгүсүндөгү жеңил авто унаа чоң ылдамдыкта келип урунган жана унаанын арткы эшиги талкаланган. Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын чакырылгандыгына карабастан, жеңил автоунаанын айдоочусу изин жашырып кеткен. Учурда изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.