Шаардык автобекеттин тегерегин ким булгайт?
- Подробности
- Опубликовано 16.05.2014 09:51
2014-жылдын 13-майында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматы тарабынан, кургак таштандыларды жыйноочу контейнерлерге ири көлөмдөгү таштандыларды таштоо фактысы катталды.
Шаардын чыгыш автобекетине жакын жайгаштырылган контейнерлерге, Осмонкул көчөсү, 135 дарегиндеги унаа жуучу ишкананын кызматкерлери, көлөмдүү автоунаа менен өндүрүш таштандыларын ташташкан.
Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык, ишкананын ижарачысы М.Бектуровдун атына протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |