“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө
- Подробности
- Опубликовано 16.05.2014 10:29
Шаардын санитардык абалын жакшыртуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында, 14-майдан тартып “Тазалык” муниципалдык ишканасы райондук администрациялар менен биргеликте шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрө баштады.
Жолугушуулардын жүрүшүндө таштандыларды баш аламандыкта таштабоо, өндүрүштүк, курулуш таштандыларын кургак таштандыларды жыйноочу контейнерлерге таштабоо боюнча жана административдик жоопкерчилик жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
14-майда шаардын Биринчи май районунун №15-Жергиликтүү аймактык башкаруусунда Месароша жана Профсоюз көчөлөрүнүн жашоочулары менен жолугушуу өткөрүлдү. Таштандыларды мыйзам бузуулар менен чыгарууга жол берилсе, 65-81-59 телефону боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыкчам чараларды көрүү “185” кызматына маалымдоо эскертилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |