ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Кулатов көчөсүндөгү мыйзамсыз курулган короо бузулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан шаардын Кулатов көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө мыйзамсыз кеңейтилген жер тилкелерин тартипке келтирүү боюнча пландуу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Жеке турак-жай департаменти тарабынан Кулатов көчөсү, 53, 41 дарегиндеги жер тилкелерин мыйзамсыз кеңейтүүлөр боюнча сотко доо арыздар берилген. Ошондой эле Кулатов көчөсү, 41 жана Чехов көчөсү, 1 дарегиндеги жер тилкелеринин ээлерине “Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө” жазуу жүзүндө эскертүүлөр берилген.

Үстүбүздөгү жылдын 13-майында райондук соттун 15-январдагы №ГД-643/14 БЗ чечиминин негизинде Кулатов көчөсү, 47 дарегиндеги мыйзамсыз курулган короо бузулду. Ал эми Кулатов көчөсү, 47 дарегиндеги жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтүү боюнча  жер тилкесин 19-майга чейин баштапкы абалына келтирүү жер ээсине милдеттендирилди.