ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү боюнча штаб түзүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрация башчысы шаардын П.Лумумба көчөсүндө жайгашкан чарба субъекттеринин кызматкерлери жана жеке ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө район жетекчиси өз мекемелерине тиешелүү аянттарды, тротуарларды, сугат арыктарын таза кармоону, мекемеге тиешелүү көрнөк-жарнактарды мыйзамга ылайыктап жайгаштырууну талап кылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен райондук администрациянын, ишкерлердин, ЖӨБ органдарынын, шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусундагы такай иштөөчү  көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү боюнча штаб түзүү чечими кабыл алынды.