ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Эр жигит” шаардык конкурсунун финалдык мелдештери өткөрүлөт

2014-жылдын 15-майында саат 9.00до “Пантера” адистештирилген отрядынын базасында аскердик “Эр жигит” шаардык конкурсунун финалдык мелдештери өткөрүлөт.

Шаардык мелдештерге райондук конкурстун жеңүүчүлөрү, Бишкек шаарынын орто мектептеринин 11-класстарынын окуучулары  катышат.Финалдык мелдештерге 14 жигиттен турган 4 команда катышат.

“Эр жигит” конкурсу жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоого жана жаштарды Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөөгө даярдоого багытталган.

Иш-чаранын уюштуруучусу - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана Улуттук гвардиянын улук офицерлери катышат.