ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада “Бишкек жазы – 2014” фестивалы өткөрүлдү

2014-жылдын 12, 13, 14-майында Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда, Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган,  студенттердин ХII “Бишкек жазы – 2014” фестивалы өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты – жаштарды патриоттуулукка, жоопкерчиликке тарбиялоо. Ошондой эле студенттер арасында талантуу жаштарды аныктап, аларга колдоо көрсөтүү, Кыргызстандагы чыгармачыл жаштардын интеллектуалдык деңгөөлүн өстүрүү болуп саналат.

Фестивалга 13 ЖОЖдун жана 2 орто окуу жайларынын студенттери катышты.

2014-жылдын 22-майында Кожомкул атындагы спорт сарайында Гала-концерт өткөрүлүп, лауреаттар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.