ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Айтматовдун чыгармаларын мыкты билүүчү” адабий конкурсу аяктады

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясы “Евразия маектешүү платформасы” коомдук уюму менен биргеликте, 2014-жылдын 7-майында “Айтматовдун чыгармаларын мыкты билүүчү” адабий конкурсунун салтанаттуу жабылышын өткөрдү.

Конкурс 2014-жылдын январь айынан май айына чейин Ч.Айтматов атындагы №63-мектеп-гимназиясынын базасында өткөрүлдү жана тил менен адабиятка, Кыргызстандын маданияты менен этнографиясына аяр мамиле жасоого багытталды. Конкурска 3-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары катышып, жеңүүчүлөр дипломдор, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.