ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлеринин, архитекторлорунун Бишкекте өткөрүлүүчү VI Курултайына карата “Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн моделинин долбоор-концепциясы” аталышында ачык конкурс өткөрүлөт

Мамлекеттин эгемендигинин 50 жылдыгына карата “Бишкек шаарын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн моделинин долбоор-концепциясы” аталышында ачык конкурсунун шарттары жөнүндө кыскача маалымат

Жалпы маалыматтар
Шаар куруу боюнча инженерлердин, архитекторлордун Бишкекте өтүүчү VI Курултайы түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлер жана архитекторлор Кеңеши (мындан ары Уюштуруучу) тарабынан өткөрүлүүдө. Курултайдын аткаруу комитети тарабынан 2040-жылы белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 50 жылдыгына карата Бишкек шаарын пландуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында аталган конкурсту өткөрүү чечими кабыл алынды. Конкурстун жыйынтыгы менен Бишкек шаарында шаар курууну 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча алдыңкы идеяларды жана долбоорлорду алуу күтүлүүдө.

Конкурс түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлер жана архитекторлор Кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын архитекторлор Кеңешинин аракеттери менен өткөрүлмөкчү. Конкурсту өткөрүү түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлер жана архитекторлор Кеңеши тарабынан каржыланат. Керектүү маалыматтар жана документтер Бишкек шаарынын мэриясы аркылуу берилет. Конкурстун шарттары Түрк Республикасынын Экология жана шаар куруу министрлигинин техникалык колдоосу менен түзүлдү.

Конкурстун катышуучуларынан шаарды өнүктүрүү боюнча шаар куруунун түрк дүйнөсүнүн маданий, тарыхий мурастарын чагылдырып, түрк өлкөлөрүнүн жана дүйнөнүн шаарларына үлгү болчу кызыктуу идеялары, концепциялары күтүлөт.

Конкурс аяктагандан кийин, конкурстун катышуучулары менен Бишкек шаарынын мэриясы шаар куруу идеяларын толук жана жарым жартылай ишке ашыруу боюнча ишин улантат. Биз, баарбыз 2040-жылга карата ишке ашырылуучу түрк дүйнөсүнүн үлгүсүндөгү жаңы Бишкектин пайдубалын курууга катышуу мүмүкүнчүлүгүнө ээ болобуз.

Конкурс үчүн негиздемелер
Аталган конкурс түрк дүйнөсүнүн инженерлер, архитекторлорунун шаар куруу боюнча VI Курултайынын алкагында, Курултайдын аткаруу комитетинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын демилгеси менен өткөрүлүүдө.

Конкурстун максаты:
* Социалдык-экономикалык, тарыхый-маданий жана ландшафтык-экологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен шаар куруу боюнча шаарды өнүктүрүүнүн жаңы идеяларын, концептуалдык долбоорлорду алуу жана аларды кийинки муунга өткөрүп берүү, шаар курууну өнүктүрүүнүн сунуштарын камсыздоо;
* Альтернативдүү көз караш менен учурдагы абалды карап чыгуу;
* Баш калаанын статусуна ылайыктуу жана ага өзгөчөлүктү, жарашыктуулукту берип турган жаңы идеяларды карап чыгуу;
* Ар түрлүү идеяларды жана концепцияларды талкуулоону камсыз кылуу.

Конкурстун тиби жана формасы
Конкурс идеялардын жана сунуштардын бир этаптуу конкурсу.

Конкурска катышуу шарттары
Конкурска архитектура, шаар куруу, дизайн же ландшафттык тармакта иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык тараптар, тиешелүү адистиктер боюнча билим алып жаткан студенттер катыша алышат. Топтордун курамына башка тармактын адистери да кошулушат, ошондуктан иш жамааттык эмгекти талап кылат.
Шарт боюнча аткаруу комитети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү автордук жамааттын өкүлү, ошондой эле иш тажырыйбасын жана кесиптик чеберчилигин эске алуу менен топтун лидери тандалып алынышы зарыл. Жамааттын ар бир мүчөсү уюштуруучуларга карата жалпы жана пикирлештик боюнча жоопкерчиликте болуусу зарыл.

Конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар:
* Топтор шаар курууну пландоо, архитектура, шаардык дизайн, ландшафттык архитектура боюнча иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык тараптардан түзүлүшү зарыл;
* Конкурстун катышуучулары бакалавр деңгээлиндеги дипломго ээ болушу же ЖОЖдун тиешелүү бөлүмүнүн студенти болушу талап кылынат;
* Конкурстун катышуучулары калыстар тобунун мүчөлөрүн жана референттерди аныктоого катышпайт;
* Конкурстун катышуучулары калыстар тобунун мүчөлөрү жана референттери менен туугандык жана өнөктөштүк мамиледе турбашы керек;
* Конкурстун катышуучулары Уюштуруучунун атынан техникалык кеңештерди берүүгө жана аталган чөйрөнүн кызматкери болууга жол берилбейт;
* Ар бир топ көрсөтүлгөн шарттарды сактоого милдеттүү.

Конкурстун мөөнөттөрү
Конкурс жарыяланган күн : 2014-жыл 5-май
Катоонун акыркы күнү : 2014-жыл 20-июнь саат 17.00
Суроолор үчүн акыркы күн : 2014-жыл 20-июнь саат 17.00
Жоопторду берүүнүн акыркы күнү : 2014-жыл 30-июнь саат 17.00
Долбоорлорду тапшыруунун акыркы күнү : 2014-жыл 23-август саат 17.00
Калыстар тобунун чакыруу күнү : 2014-жыл 26-август саат 9.00
Конкурстун жыйынтыктарын жарыялоо күнү : 2014-жыл 3-сентябрь
Сыйлыктарды тапшыруу аземи : 2014-жыл 3-сентябрь, Улуттук филармония
Көргөзмөнүн ачылыш мөөнөтү жана орду : Кийин маалымдалат/

Сыйлыктар
Конкурстун жыйынтыктары боюнча төмөнкү сыйлыктар ыйгарылат:
Биринчи орунга :150.000 ТЛ (түркия лири) Экинчи орунга : 70.000 TЛ Үчүнчү орунга : 30.000 TЛ Колдоочу сыйлык : 10.000 TЛ
Колдоочу сыйлык: 10.000 TЛ
Колдоочу сыйлык: 10.000 TЛ
Колдоочу сыйлык: 10.000 TЛ
Колдоочу сыйлык: 10.000 TЛ

Сыйлыктарды берүүнүн формасы
Сыйлыктын тиешелүү суммасы, конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин, 30 жумушчу күндүн ичинде көрсөтүлгөн эсепке которуу жолу менен Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор Кеңеши тарабынан төлөнүп берилет. Жазуу жүзүндө талап кылынган учурда, берилүүчү сыйлыктын суммасы, конкурстун жыйынтыктары жарыяланган күнгө карата Түркия Республикасынын Борбордук банкы аныктаган курс боюнча АКШ доллары менен төлөп берет. Банктардын талаптары же салык кодексине байланыштуу келип чыккан акчаны которуу үчүн комиссияны, салыктарды, алымдарды төлөө кокурсант тарабынан төлөнөт.

Арыздарды берүү жөнүндө маалымат
Конкурстун шарттары үчүн төлөмдөр жана 70 USD өлчөмүндөгү тиркеме (которуу үчүн комиссия төлөмдөрү кирбейт) “Долбоор-концепция конкурсуна катышуу үчүн” деп көрсөтүлгөн эсепке киргизилет. 1-тиркемеден конкурска катышуу үчүн төлөмдөрдүн дүмүрчөгү Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарегине же (+90) 312 3609088 факс номерине жөнөтүлөт. Конкурстун шарттарына тиркемелер коддун же паролдун жардамы аркылуу катышуучунун электрондук дарегине жиберилиши мүмкүн.

Банк реквизиттери
Эсептин ээси: Түрк дүйнөсүнүн инженерлер жана архитекторлор Кеңеши
Банктын аталышы: Түрк Республикасынын “Халк Банкы”
Филиалы: Чанкая
Филиалдын коду: 9219
SWIFT : TRHBTR2A USD IBAN No : TR480001200921900058000171