ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын бюджети ачык айкын болот

Эгерде бюджеттик процесс ачык айкын болбосо, чечим кабыл алууга жарандардын катышуусу натыйжасыз. Жарандарды жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана бюджеттик процесске тартуу менен бюджеттин ачык айкын болушу боюнча шаардык муниципалитет лидер боло алат.

Бишкек шаарынын мэриясы Эл аралык өнүктүрүү боюнча Британиялык департаменттин колдоосундагы Өнүктүрүү саясаты институту менен биргеликте шаар бюджетинин ачыктыгын жогорулатуу боюнча долбоорду ишке киргизди.

Азыркы учурда жарандык бюджеттин түзүлүшүнө катышууга мүмкүнчүлүктүн жоктугуна байланыштуу жарандык коом ага катыша алдбайт. Бюджет боюнча маалыматтын берилиши чектелгендигинен шаар тургундары гана эмес, шаардык Кеңештин депутаттары да бюджеттин натыйжалуулугу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө алышпайт.

Ачык айкын бюджеттик процессте гана чечим кабыл алууда жарандар негизги ролду ойнойт.

Шаарды өнүктүрүүгө жарандарды катыштыруу боюнча Бишкек шаары алдыңкы орунда болушу зарыл. Бул багыттагы иш-чаралардын аткарылышында ачык айкын бюджеттик процесс, шаар тургундары тарабынан бюджеттин натыйжалуулугун баалоо мүмкүнчүлүгү негизги приоритеттерден болушу керек. Ошондуктан, “Бишкек шаарынын бюджетинин ачык айкындуулугун жогорулатуу” долбоорунун негизги максаты – туруктуу механизмдерди жана шаардын ачык бюджетинин инструменттерин иштеп чыгуу жана тестирлөө.

Долбоордун алкагында төмөнкүлөр белгиленди:

1. Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн натыйжалуулугун баалоого жарандардын катышуу моделин киргизүү;
2. Шаардын деңгээлинде ачык айкын бюджеттик каржылоого жарандардын катышуусу;
3. Шаардык бюджет боюнча маалымат берүү шарттарын түзүү;
4. Бюджет боюнча маалыматты шаардыктарга жеткиликтүү формада берүү.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында төмөнкү иш-чаралар каралган:

1. Бюджеттин ачык айкындуулугун камсыз кылуу максатында иш-чаралардын тизмесин нормативдик бекитүү;
2. Көрсөтүлгөн кызматтар боюнча жарандардын талаптарынын аткарылышын баалоо;
3. Бишкек шаарынын бюджет маселелерин чанылдыруу боюнча ЖМКнын потенциалын түзүү;
4. Жаңы форматтагы коомдук угууларды түзүү.

Тактама иретинде: Бишкек шаарынын учурдагы бюджети 7,074 млрд. сомду түзөт, анын ичинен 400 млн. сом капиталдык салымдарга каралган.