ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеңиш майрамына арналган “Жеңиш” веложарышы

Баш калаада  Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына арналган “Жеңиш” веложарышы өткөрүлдү. Веложарышка 1000ден ашуун велосипедчи, алардын ичинде спорт ардагерлери, Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов катышты.

Веложарыш саат 18-00до Ахунбаев жана Алма-Ата көчөлөрүнөн башталып, шаардын эски аянтында маарага келди. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы жана шаардагы бир нече компаниялар тарабынан уюштурулду.

Веложарыштын катышуучуларына чоң программадагы концерт коюлуп, баалуу сыйлыктар тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов сөз сүйлөп: “Бүгүнкү акцияны биз мекенибизди коргоп, өлкөбүзгө тынчтыкты орноткон ардагерлерибизга арнайбыз. Шаардыктарды жана шаарыбыздын конокторун жашоонун активдүү, сергек мүнөзүнө чакырабыз”,- деди.