ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Жол кыймылынын жаш инспектору-2014” конкурсу

2014-жылдын 6-майында Бишкек шаарыынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте шаардык №38-мектеп-гимназиясынын базасында “Жол кыймылынын жаш инспектору-2014” кароо-конкурсун өткөрдү.

Иш-чара жаш муундун өкүлдөрүн жол кыймылынын эрежелерин сактоого, жол коопсуздугун камсыз кылууга тарбиялоо максатында өткөрүлөт.

Шаардык кароо-конкурска райондук кароолордо I, II орундуу ээлешкен № 68,79,33,38,26,54- мектептердин жана №1-мектеп-интернатынын командалары катышты.

Конкурстун жүрүшүндө жол кыймылынын жаш инспекторлорунун жол кыймылынын эрежелери, жолдо түзүлгөн татаал кырдаалдар жана велосипед менен жүрүү эрежелери боюнча билимдери сыналды. Жол кыймылынын эрежелери боюнча театрлаштырылган оюндар көрсөтүлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрү Ардак Грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

I-орунду №38- мектеп-гимназиясы ээлеп, компьютер менен сыйланды;
II-орунду №68-мектеп-гимназиясыээлеп, телевизор менен сыйланды;
III-орунду №26-гимназия ээлеп, принтер менен сыйланды.