ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясы Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлерин майрамы менен куттуктады

Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Октябрь райондук администрациясы майрамдык иш-чараларды өткөрдү.

2014-жылдын 6-майында Д.Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагерлеринин катышуусунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чарага райондук администрация башчысы К.Токтосартов катышты.

2-майдан 8-майга чейин “Эч ким унутулбайт!” деген аталышта акция өткөрүлүп, ардагерлерге даректүү азык-түлүк жыйындылары таркатылды.

Азыркы учурда шаардын Октябрь районунда Улуу Ата-Мекендик Согуштун 99 ардагерлери, 20 согуштун майыптары, 360 тыл эмгекчилери, 6 концлагерде кармалгандар, 6 Ленинград блокадачылары, курман болгон жоокерлердин 2 үй-бүлөсү жана 320 курман болгон жоокерлердин жесирлери жашашат.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө райондук бюджеттен 1 млн. 265 миң 600 сом бөлүнгөн.