ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеңиш күнүнө арналган иш-чаралар

2014-жылдын 9-майында “Жеңиш” аянтында эскерүү-митинги өткөрүлүп, түбөлүктүү отко гүл чамбарларды коюу менен коштолот. Согуш ардагерлерине жоокер боткосу, майдандык жүз грамм сунушталат.

Саат 11-00дон 12-30га чейин эстрада жылдыздары жана чыгармачыл жамааттар чоң программадагы концерт тартуулашат.

12-30дан 14-00го чейин «Ретро FM» радиостанциясы даярдаган концерт берилет. 15-00дон 17-00го чейин сейил бактарында жана эс алуу аймактарында райондук администрациялар, балдардын чыгармачылык борбору даярдашкан иш-чаралар өткөрүлөт.

Саат 18-00до бекитилген маршрут боюнча веложарыш башталат ( Айлампа – Ахунбаев көчөсү боюнча Манас проспектине чейин, Манас проспекти боюнча Чүй проспектине чейин, Чүй проспектинен “Ала-Тоо” аянтына чейин). Колоннаны согуш ардагерлери отурган 4 автоунаа, 5 Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын мотоциклдери жана башка унаалар коштошот.

Веложарыш саат 19-00до шаардын эски аянтында аяктайт. Бишкек шаарынын мэри согуш жана спорт ардагерлерин баалуу сыйлыктар менен сыйлайт.

Саат 19-30да шаардын эски аянтында «Гринвич Паб», «Кока-Кола», «Шоро»  демөөрчүлөрү уюштурган спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Саат 21-00до “Ала-Тоо” аянтында жана “Жеңиш” сейил багында Улуу Жеңиштин урматына салют берилет.