ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Тынчтык-2014” веложарышы

Бүгүн, 2014-жылдын 1-майында Бишкек шаарынын мэри К.Кулматовдун катышуусунда салтка айланып калган “Тынчтык-2014” веложарышы өткөрүлдү.

Веложарыш саат 9-30да Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнөн башталып, Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында аяктады. Иш-чарага 600дөн ашуун велосипедчилер катышты. Ошол эле күнү шаардын борбордук “Ала-Тоо” аянтында жеңил атлетикалык жарыш өткөрүлдү.

Жеңил атлетикалык жарышка  спорт ардагерлери, мектеп окуучулары, студенттер, мэриянын, райондук администрациялардын кызматкерлери жана активдүү шаар тургундары катышты. Жарыштын жеңүүчүлөрү медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.