ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Куликовская көчөсүндө мыйзамсыз курулган короо бузулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан шаардын Куликовская көчөсү, 5 дарегине тиешелүү мыйзамсыз курулган 11 чарчы метрлик короо бузулду.

Жеке турак-жай куруу департаменти жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аталган дарекке тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз кеңейтилгендиги аныкталып, 2014-жылдын 7-февралына чейин жер тикесин баштапкы калыбына келтирүү жөнүндө эскертүү берилген. Эскертүүдөгү талаптар 25-апрелде аткарылды.