ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Чернобыль кырсыгынын 28 жылдыгына карата иш-чаралар

Бүгүн, 2014-жылдын 26-апрелинде, Ю.Фучик атындагы паркта Чернобыль атомдук станциясындагы кырсыктын 28 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри А.Рыскулова катышты.

Азыркы учурда Бишкек шаарында Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан 305 жаран жана курман болгондордун 44 үй-бүлөсү жашайт. Иш-чараны өткөрүүгө шаардык бюджеттен 711 750 сом бөлүнгөн.

Акыркы жумада шаардын бардык райондорунда иш-чаралар өткөрүлүп, Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга 2 000 сом, курман болгондордун  үй-бүлө мүчөлөрүнө 3 000 сом өлчөмүндө материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн вице-мэр, Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуда эрдик көрсөтүшүп, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган баатырларга ыраазычылык билдирди жана алардын эрдиги эч качан эстен чыкпайт деп белгиледи.