ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Чернобыль авариясынынын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга жардамдар көрсөтүлдү

2014-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын жыйындар залында Чернобыль Атомдук электр станциясындагы кырсыктын 28 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чарага кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан 62 адам жана курман болгон 9 адамдын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Чернобыль авариясынынын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандарга материалдык колдоо көрсөтүү үчүн райондук бюджеттен 160 000 сом каражат бөлүнгөн, катышуучулардын ар бирине 2 000 сом, курман болгондордун үй-бүлөсүнө 3 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Андан тышкары “Чернобыль” Россиялык кеңешинин атынан 4 жаранга “Ядролук кырсыктын жоюучусу” медалы тапшырылды.