ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Маршруттук кичи автобустардын ишмердигиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча рейд өткөрүлдү

Бүгүн маршруттук кичи автобустардын санитардык жана техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Комиссиянын курамына Шаардык транспорт башкармалыгынын, Санитардык-экологиялык инспекциянын, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү кирди.

Кичи автобустардагы негизги кемчиликтер катары орундуктардын жетишсиздиги, техникалык жана санитардык талаптардын аткарылбагандыгы аныкталды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен акт түзүлүп, коомдук транспорттун айдоочуларына кемчиликтерди жоюу милдеттендирилди.

Мындай текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турмакчы.