ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Алгачкы социалдык жатакананын ачылышы

2014-жылдын 15 апрелинде шаардык балдарды калыптандыруу борборунун базасында жетим балдар үчүн “Ротари” социалдык жатаканасынын ачылышы өткөрүлдү.

Мектеп-интернатты аяктаган жаштарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында 2012-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Осло Ротари Мажорстуен” клубунун ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлган. Келишимдин алкагында, социалдык жатакананын курулушуна жана жабдылышына Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкеси, “Ротари клубу” тарабынан 300 миң АКШ доллары бөлүнгөн.

Учурда эки орундуу 25 бөлмөдөн турган социалдык жатакананын курулушу толук аяктап, 50 адам жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.