ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2014-жылдын 1-майында “Тынчтык – 2014” веложарышы жана жеңил атлетикалык жүгүрүүлөр өткөрүлөт

2014-жылдын 1-майында Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети “Тынчтык – 2014” веложарышын, жеңил атлетикалык жүгүрүүлөрдү өткөрөт.

Веложарыш саат 9-30да Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнөн (Манас проспекти, 303) башталат, катышуучулар саат 8-00до каттоодон өтүшөт.

Веложарышчылардын колоннасы маарага келгенден кийин, жеңил атлетикалык жүгүрүүлөр саат 10-00до “Ала-Тоо” аянтынан башталат.

Иш-чарага спорттун ардагерлери, кесиптик лицейлердин жана мектеп окуучулары, ЖОЖ студенттери, мэриянын, райондук администрациялардын  кызматкерлери жана баардык калоочулар катышат.

Мелдештин жеңүүчүлөрү уюштуруу комитетинин медалдары, дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышат.