ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык “Ардагер” пансионунда Эл аралык ден-соолук күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

8-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын “Ардагер” пансионунда Эл аралык ден-соолук күнүнө карата ден-соолукту чыңдоо багытындагы иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, «ADA» жана «HelpAge International» эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө улгайган адамдар үчүн медициналык текшерүүлөр, ден-соолукту чыңдоо багытындагы жүгүрүүлөр жана башка иш-чаралар уюштурулду.
 
Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүутүрүү башкармалыгынын башчысы З.Абылаев сөз сүйлөп: “Шаардык “Ардагер” пансиону 1996-жылдан баштап иштейт, жыл сайын 80 ге жакын шаардык ардагерлер ден-соолуктарын чыңдап, эс алып турушат. 2013-жылы пансиондо 882 ардагер эс алышты”,-деди.
 
Андан тышкары, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте аталган пансиондун базасында улгайган адамдар үчүн геронтология борборун ачуу боюнча маселени кароодоо. Борбордо ардагерлерге медициналыккызматтар, профилактикалык  жардамдар көрсөтүлүп турмакчы.