ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин эмгек жамааты ишембиликке активдүү катышты

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин эмгек жамааты, өздөрүнө бекитилген Карасаев көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иштеди. Ишембиликте жалпысынан 2,3 га аянт, 100 чарчы метр газондор, 800,0 п/метр сугаруу арыктары тазаланды жана 3,5 куб таштандылар чыгарылды.

Ошону менен бирге департаменттин кызматкерлери шаар тургундарынын арасында тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү.