ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

Бишкек шаарнын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын Биринчи май району боюнча санитардык текшерүүлөр өткөрүлдү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Дэн Сяопин проспекти, 199 дарегинде жайгашкан “Арал” кафесинин, Токтогул көчөсү, 165 дарегинде жайгашкан унаа токтотуучу пункттун айланасында антисанитардык абал түзүлүп, таштандылар баш аламандыкта жыйналары катталды. Таштандыларды чыгаруу боюнча 2014-жылга келишим түзүлгөн эмес.

Рейддин жыйынтыгы менен “Арал” кафесинин ээси Д.Жусупбековдун жана унаа токтотуучу пункттун жетекчиси Б.Алсеитовдун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.