ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

3-апрелде оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу шаардын айрым жерлерине таза суу берүү убактылуу токтотулат

“Киркомстром” суу берүү обьектинде оңдоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 2014-жылдын 3-апрелинде саат 9-00дон 17-00го чейин шаардын төмөнкү жерлерине таза суу берүү токтотулат:

Ден Сяопин проспекти, Абакан, Мурманск, Садыгалиев, Волкова, Кустанай көчөлөрүнө жана бул аймакта жайгашкан АООТ «БСМ», «ГЭС Вайринг Констракшн» ЖЧК, «Астык» тегирмен комплексине, Бекбоевдин медицина борборуна, «Бактылуу өлкө» бала бакчасына, балдарды коргоо борборуна, №37- балдар комбинатына,  №42-орто мектепке, 97632-аскер бөлүгүнө, Васипов жеке чарбасынын кичи наабайканасына.

“Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан жана мекеме-ишканалардан кечирим сурайт жана таза суунун керектүү көлөмүн алдын ала камдап алууну эскертет.