ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бүткүл дүйнөлүк Ден-соолук күнүнүн” алкагында шаарда иш-чаралардын комплекси өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти Бишкек ден-соолукту чыңдоо борбору менен биргеликте, Бүткүл дүйнөлүк Ден-соолук күнүнө карата, 2014-жылдын 7-апрелинде калкка трансмассивдик инфекция ооруларынын алдын алуу жана ден-соолук көйгөйлөрлөрүн чечүү жолдорун жеткирүү максатында иш-чаралардын комплексин өткөрөт.     

Бул жөнүндө маалыматты Бишкек ден-соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Иш-чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, шаардык Саламаттык сактоо департаментинин буйруктары чыгып, он күндүк өткөрүүнүн планы бекитилди.

Бекитилген планга ылайык, он күндүк өткөрүү жөнүндө ЖМК аркылуу маалымат берүү, билим берүү мекемелеринде: “Сергек жашоонун мүнөзү, жугуштуу оорулардын алдын алуу” темасында ден-соолук бурчтарын уюштуруу ж.б. иш-чараларды өткөрүү белгиленүүдө.

Шаар тургундарына агартуу-маалыматтык материалдар таркатылат. Баардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда белгиленген маселелер боюнча  тегерек столдор, конференциялар өткөрүлөт.