ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Дзюдо боюнча үчүнчү Эл аралык турнир аяктады

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында, 1997-1999-жылы туулган спортчулар арасында, Октябрь райондук администрациясынын байгеси үчүн Дзюдо боюнча үчүнчү Эл аралык турнир өткөрүлдү. Турнир Азия чемпионатынын коло медалынын ээси, спорт чебери Даниил Бабаевдин элесине арналды.

Мелдешке Казакстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышты. Кыргызстандын курама командасына республиканын баардык аймактарынын өкүлдөрү кирди. Мелдешке жалпысынан 270ден ашык балбандар катышты.

Турнирдин салтанаттуу ачылышына Бишкек шаарынын вице-мэри О.Попиков, Октябрь райондук администрациясынын башчысы К.Токтосартов, КР ЖК депутаты И.Карамушкина, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Ш.Бакиров катышып, сөз сүйлөштү.

Турнирдин жыйынтыгында Бишкек шаарынын командасы биринчи, Ош шаарынын командасы экинчи, Токмок шаарынын командасы үчүнчү  орунду ээлешти.