ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти мыйзамсыз курулган обьекттерди аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти жер тилкелерин мыйзамсыз кеңейтип алган жарандарга эскертүүлөрдү берди.

“Көлмө” жаңы конушунун Үмүт көчөсү, 11 дарегиндеги жер тилкесинин ээси, берилген эскертүүдөн кийин мыйзамсыз курулган короону өз ыктыяры менен бузду.

Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан, Карасаев көчөсүндөгү №18, 49, 85, 26-жер тилкесинин ээлери өздөрүнө тиешелүү жер тилкелерин мыйзамсыз кеңейтип алышкандыгы аныкталган.

Берилген эскертүүлөр аткарылбагандыгына байланыштуу Жеке турак-жай куруу департаменти Октябрь райондук сотуна кайрылган. Октябрь райондук соту аталган жер тилкелеринин ээлерин күнөөлүү деп таап, 10 000 сом өлчөмүндө айып чегерген жана мыйзамсыз курулган короолорду өз ыктыярлары менен бузуу жөнүндө чечим чыгарган.

Азыркы учурда Жеке турак-жай куруу департаментинин жана Октябрь райондук сотунун кызматкерлери мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.