ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

29-мартта өткөрүлүүчү жалпы шаардык ишембиликке 12 миңден ашуун шаардыктардын катышуусу күтүлүүдө

Бишкек шаарынын мэринин буйругуна ылайык шаарды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бир айлык 29-марттан башталат.

29-мартта жалпы шаардык ишембиликке 12 миңден ашуун шаардыктардын катышуусу күтүлүүдө. Ишембиликке шаардык кызматтардын, райондук администрациялардын, МАБ органдарынын, министрликтердин кызматкерлери, шаар тургундары, ЖОЖ, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары катышат.

Иш-чаралар шаардын санитардык абалын жакшыртууга багытталган. Бөлүштүрүлгөн аймактарда райондук администрациялар, шаардык кызматтар жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү иш алып барышат.

Ишембиликтин жүрүшүндө, райондук администрациялар тарабынан атайын техникалар ишке чегерилет. Атайын техникалардын 51 бирдигинин (Ленин району – 13, Октябрь району – 9, Биринчи май району – 5, Свердлов району – 25)  иштеши белгиленген.

Шаарды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин жүрүшүн Санитардык-экологиялык инспекциясы жана Турак-жай коммуналдык чарба башкармалыгы текшерип турат.