ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Бишкек курулуш” Ачык акционердик коому тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу катталды

“Бишкек курулуш” ААКнун башкы директорунун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик комиссиянын кароосуна жиберилди. Бул жөнүндө Санитардык-экологиялык инспекциясынан билдиришти.

Кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, Орозбеков – Түгөлбай Ата көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан, “Бишкек курулуш” ААКнун айланасында антисанитардык абал түзүлгөндүгү катталды. Курулуш таштандылары баш аламандыкта газондорго, тротурга жыйналат. Курулуш объектинде оор жүк ташуучу унааларды жууп тазалоо мүмкүнчүлүгү түзүлбөгөндүгү маалыматта белгиленет.