ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада 29-марттан баштап шаарды санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча бир айлык башталат

Бишкекте 29-марттан баштап шаарды санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча бир айлык башталат. Бир айлык, Бишкек шаарынын мэри К.Кулматовдун буйругуна ылайык апрель айынын аягына чейин уланат.

Шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү иш-чараларына баардык шаардык кызматтар тартылат.

Райондук администрацияларга шаар тургундары, ар кандай обьекттердин ээлери, ижарачылары, турак-жай ээлеринин шериктештигинин өкүлдөрү менен шаарды тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу милдеттендирилди.

Парктарды, сквер, бульварларды, эс алуу аймактарын көрктөндүрүү, тазалоого жооптуу мекеме-ишканалардын жетекчилерине тышкы орундуктарды, таштанды үкөктөрүн, тышкы жарык берүү карагайларын, сугат арыктарын оңдоп, калыбына келтирүү жана таштандыларды чыгаруу милдети жүктөлдү.

Бир айлыктын жүрүшүндө, шаарды тазалоого, көрктөндүрүүгө катышкан мекемелердин иштерин Бишкек шаарынын Санитардык-эколологиялык инспекциясы текшерип турат.

Бишкек шаарынын мэриясы баардык мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жамааттарын, шаар тургундарын шаардык ишембиликтерге активдүү катышууга чакырат.