ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада спорттун заманбап беш түрү боюнча шаардын ачык чемпионаты өткөрүлөт

2014-жылдын 4-апрелинен 7-апрелине чейин Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети спорттун заманбап беш түрү боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионатын өткөрөт.

Чемпионат “Жаштык” республикалык спорт борборунда жана ат спорту мектебинин базасында өтөт.

Мелдештерге Казахстандан жана Өзбекстандан командалар чакырылды.

Чемпионаттын программасына спорттун: сууда сүзүү, фехтование, ат спорту, жеңил атлетика жана куралдан атуу сыяктуу түрлөрү кирет. Мелдештерге жаш курагына карабастан, тиешелүү даярдыктары бар спортчулар катышат.

Чемпионат жыл сайын, күчтүү спортчуларды аныктап, Бишкек шаарынын курама командасын түзүү максатында өткөрүлөт.

Мелдештерде  жеңишке жетишкен спортчулар Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин кубоктору менен сыйланышат.

Мелдешке катышуу боюнча өтүнмөлөр: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 495 Б дареги боюнча кабыл алынат.

Маалымат алуу телефону: (0312) 67-11-56