ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын СЭИ кызматы жана МСЭКБ бузулган септикти аныкташты

Древесная, 71 дарегинде жайгашкан “Оберег” калыптандыруу борборунун аймагындагы септиктен иштетилген суюктуктар канализация аркылуу агып кетпестен, тышка ташып чыгып, жакын жайгашкан тилкелерди каптоо фактысы аныкталды.

Санитардык-экологиялык инспекциясынын билдирүүсү боюнча, “Оберег” калыптандыруу борбору  тиешелүү кызматтар менен таштандыларды чыгаруу жөнүндө келишим түзгөн эмес.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен калыптандыруу борборунун жетекчилигинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренесине ылайык протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.